super.kg logo
  Саясат  

Депутат Махабат Мавлянова: "Кыргыз-Кытай чек арасы Кытайдын жаңы жылына байланыштуу жабылган". КҮНСОБОЛ

 

Бүгүн, 31-январда Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргыз-Кытай чек арасын жабуу сунушун киргизди. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун таралышына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялагандан кийин, министрлик чек араны жабуу сунушун айтканын билдиришти. Буга чейин Мамлекеттик чек ара кызматынан Кыргыз-Кытай чек арасы, бардык өткөрмө пункттар жабык экенин билдиришкен.

SUPER.KG порталы "Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска байланыштуу Кыргыз-Кытай чек арасын жабууну сунуш кылып жатат. Ал эми Чек ара кызматы Кыргыз-Кытай чек арасы 24-январдан бери убактылуу жабык экенин билдирген. Эки мамлекеттик түзүмдүн кимисине ишенүү керек?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова чек ара Кытайдын Жаңы жылына байланыштуу жабылганын белгиледи.

"Бул боюнча так маалыматым жок. Кытайдын Жаңы жыл майрамына карата чек араны жабышкан. Андан кийин премьер-министр ошол мөөнөттү узатууну сунуш кылган го дейм. Чек ара Жаңы жылга карата эле жабылган, коронавируска байланыштуу жабылган эмес", - дейт Мавлянова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: