Эртең өлкө аймагында күн ачык болот. 5-февралга чейинки аба ырайы тууралуу маалымат
Кыргызгидромет 1-февралдан 5-февралга чейин Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, 1-2-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болуп, шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.
3-февралда күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым райондорунда жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
4-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 4-февралда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы тоолуу райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
5-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кар жаабайт.
Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.



