super.kg logo
  Саясат  

Депутат Марлен Маматалиев: "Коронавирусту өзгөчө кырдаал катары кабыл алыш керек". КҮНСОБОЛ

 

Бүгүн, 31-январда Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргыз-Кытай чек арасын жабуу сунушун киргизди. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун таралышына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялагандан кийин, министрлик чек араны жабуу сунушун айтканын билдиришти. Буга чейин Мамлекеттик чек ара кызматынан Кыргыз-Кытай чек арасы, бардык өткөрмө пункттар жабык экенин билдиришкен.

SUPER.KG порталы "Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска байланыштуу Кыргыз-Кытай чек арасын жабууну сунуш кылып жатат. Ал эми Чек ара кызматы Кыргыз-Кытай чек арасы 24-январдан бери убактылуу жабык экенин билдирген. Эки мамлекеттик түзүмдүн кимисине ишенүү керек?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев чек ара 100 пайыз жабылышы керек деген пикирде.

"Кыргыз-Кытай чек арасы 100 пайыз жабылышы керек. Биз эле эмес Орусия, Казакстан баары жаап жатат. Бул оюнчук эмес. Мындай маселени терең кароо зарыл. Өзгөчө кырдаал катары кабыл алыш керек. Бизге өкмөт чек ара убактылуу жабылганы боюнча маалымат беришкен. Саламаттыкты сактоо министрлиги чек ара толук жабылсын деген пикир билдирсе керек", - дейт Маматалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: