Санкт-Петербургда спорттук комплекстин чатыры урап, бир жумушчу каза болду

Кечээ, 31-январь күнү Санкт-Петербург шаарындагы спорттук комплексти оңдоп-түзөө учурунда чатыры урап түштү. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, демонтаж иштери 2023-жылы өткөрүлчү хоккей боюнча дүйнөлүк чемпиондукка байланыштуу жүргүзүлүп жаткан. Видеого түшүп калган кадрдан шып ураган маалда жумушчулардын имаратты таяп турган таянчыкты кесип жатканын көрүүгө болот. Бири кырсыктан сактанып калса, экинчиси жетишпей калган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына ылайык, жалпы 25-28 чарчы метр жарактан чыгып, дубал, чатырдын 80 пайызы ураган. Кырсыктын кесепетинен бир жумушчу каза болгон.
Санкт-Петербургда спорттук комплекстин чатыры урап, бир жумушчу каза болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.