super.kg logo

Маданият министрлиги телесериал тартууга сынак жарыялады

 

Төлөмүш Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы 2 телесериал тартууга сынак жарыялайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Социалдык маанидеги, мекенди сүйүү, улуттук жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү, жаш муунду тарбиялоо багытында жаш балдарга арналган улуттук телесериалдарды өндүрүү максатында сериал тартууга сынак жарыяланды.

Сынактын талаптары: Ар бир телесериал 12 сериядан, 1 сериясы 40 мүнөттөн, кыргыз тилинде болууга тийиш, бюджети 5 миллион сомго чейин. Телесериал 2020-жылдын 1-октябрына көрсөтүүгө даяр болушу зарыл.

Керектелүүчү документтер: Телесериалдын тритменди, жалпы концепциясы, 1 сериянын сценарийи, бардыгы 9 экземплярда, катышуучу тарап тууралуу маалымат (чыгарма уюму же болбосо жаран тууралуу толук маалымат, сценарийидин авторунун билими, тажрыйбасы жана фильмографиясы).

Документтер конвертке бекитилип, сынакка деген белгиси менен төмөндөгү дарекке жөнөтүлүшү керек. Сынакка келип түшкөн сценарийлер документтери менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан түзүлгөн сынактык комиссия тарабынан каралат.

Сынактык мезгил: 29-январдан 29-февраль, саат 17:00гө чейин.

Дарек: Бишкек шаары, Динара Асанова көчөсү 1, Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы Байланыш телефону: +996 312 344631, 0700 044 789






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.02.2020. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Корея, турция сериалдарындай серал тартсанар сонун болмок качественный кылып. Аварийная поспдка любви, потомки солнца дегендей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: