Баткен облусунда кырсыкты алдын алуу боюнча рейд жүрүп, 25 айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы аныкталды

Баткен облусунда кырсыкты болтурбоо максатында рейд жүргүзүлүп, 25 айдоочу мас абалда унаа башкаргандыгы аныкталды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
"Баткен облусунун аймагында 2020-жылдын 15-январынан 30-январына чейинки аралыкта жаш өспүрүмдөр катышкан жол транспорт кырсыктарын болтурбоо жана санын кыскартуу максатында "Кыш, Балдар!" ( Зима, Дети!) аталышындагы рейд өткөрүлдү. Рейддин жүрүшүндө мектеп окуучуларына жолдо жүрүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери, окутуп-үйрөтүү сабактары өтүлдү. Ошондой эле жол кыймылында жол эрежелерин бузган 2184 айдоочуга карата Бузуулар кодексинии негизинде протоколдор түзүлдү. Анын ичинен 25 айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн, унаанын алдынкы айнектерин караңгылатып алган 8 айдоочу аныкталып, унааларды убактылуу токтотуучу жайга 47 автоунаа киргизилди", - деп жазылат маалыматта.





1 |