super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз өлкөсү Кытай менен чектешкен чек арасын убактылуу жапты

 

Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы менен чектешкен мамлекеттик чек араны убактылуу жапты. Аба каттамын дагы токтотту. Мындай чечимди Кыргыз мамлекетинин аймагына коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана жайылуусуна жол бербөө боюнча республикалык штаб кабыл алды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө коронавирустун чыкканы боюнча такталган учур катталган жок.

Республиканын бардык көзөмөл-өткөрүү жайларында, Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропорттордо санитардык-көзөмөл пункттары иштеп жатат.

Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасынан өткөн жарандарда сасык тумоонун жана курч респиратордук жугуштуу инфекциялардын белгилери жана симптомдору болсо атайын палаталарга (изолятор) жайгаштырылууда. Ал жактан медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары, эгерде өлкө аймагында вирус чыккан учур катталса, саламаттыкты сактоо уюмдарында атайын палаталар даярдалды.

Буга чейин Кыргыз өкмөтү коронавирустун келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча санитардык жана эпизоотияга каршы чараларды уюштуруу тууралуу биринчи кезектеги иш аракеттердин планын иштеп чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: