Рак илдетине кабылган аялдын капчыгын уурдап кетишти

Социалдык тармактагы "Мастерская онкопациентов" аттуу коомдук бирикменин баракчасына онкологиялык ооруга кабылган аялдын капчыгын маршруттук таксиде уурдап кетишкенин жазып чыгышты.
"Окуя 28-январь күнү саат 9:30дар чамасында №100 маршруттук таксиде орун алган. "Мастерская онкопациентов - Вместе ради жизни" коомдук бирикмесиндеги бир аял "Мадина" базарына буюртма кылган баштыктарды тигүү үчүн материал алам деп барган. Анын капчыгында элдин 14 миң сому жана өзүнүн 4000 сому болгон. Ал Физприборы аялдамасынан №100 маршруттук таксиге отурган. Маршруттук таксиде анын кызыл түстөгү булгаары капчыгын уурдап алышыптыр.
Андан чөнтөкчүлөрдүн амалдарын айтып, сени түрткүлөгөн учур болду беле деп сурадык. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында капчыкты эки жаш бала уурдаган деген жыйынтыкка келдик.
Ошол балдарга кайрылабыз! Өзүңөргө күнөө чогултпагыла. Ал акча онологиялык оору менен жабыркаган аялдардын акчасы. Алар дарылануу үчүн акчаларды тыйындап чогултуп, баштык тигишет. Буюртманы табыш үчүн да аябай эмгек кетиришет.
Сиздер акчаны 0222703929 номерине Элсомго которуп же коомдук бирикменин Скрябин көчөсүндө жайгашкан кеңсесине алып келсеңиздер болот", - деп жазылган билдирүүдө.








1 |