super.kg logo

Уханда коронавирусту дарылоочу оорукана курулуп бүттү. Курулуш аянтында 3 миңден ашык жумушчу күн-түн дебей иштөөдө

 

Ухан шаарында коронавирусту дарылоо үчүн пландалган оорукананын курулуш иштери бүттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

1000 кишиге ылайыкташкан оорукана 10 күндө курулуп бүттү жана 3-февралда колдонууга берилет. Хошэньшань шаарында курулган ооруканада пациенттерди атайын провинцияга чакырылган 1400 аскер медициналык кызматкерлери дарылашат.

Ал эми экинчи жаңы оорукананы Лейшеншань шаарында куруп жатышат. Анын ачылышы 6-февралга пландалууда.

Төмөндө курулуш иштери кандай жүргөндүгү тууралуу фотогалерея келтирилген.

Бир жарым апта мурун бул жерде эч нерсе жок болчу. Эки комплексти 2 аптада куруу пландалган.
Курулуш иштери башталганда тартылган бул сүрөт интернет айдыңында абдан популярдуу болгон.
Сүрөттү айрымдар "Түстүү экскаватордун балети" деп атап алышкан.
Ооруканаларды тез арада бүтүрүү үчүн куруучулар даяр чогултулган модулдарды колдонушкан.
Ар бир курулуш аянтында 3 миңден ашуун куруучулар иштешүүдө. CGTN телекомпаниясынын берген маалыматына ылайык, алгачкы күндөрү куруучу адам жетишпегендиктен күнүнө 12 сааттан иштешкен. Учурда экинчи курулуш аянтында куруучулар 3 мөөнөттө иштөөдө.
Курулуш иштери күнү-түнү дебей, жамгыр, суукка карабай жүрүүдө. Жумушчулар сөзсүз коргоочу бет кап менен иштешет. Улам сайын алардын дене табы текшерилип турат.
Эксперттердин пикиринде, кыска аралыкта курулган ооруканалар бул маселенин убактылуу чечилүүсү гана. Вирус массалык абалда курчуганына байланыштуу вируска кабылгандарды тез арада өзүнчө бөлүп, дарылоого багытталган. Жугуштуу ооруларды дарылоо бөлүмдөрү узак убакытка ылайыкташкан эмес.






Ухандагы коронавирусту дарылоочу оорукана бүттү

Кытайда миң кишиге ылайыкталган оорукананы он күндө куруп коюшту

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.02.2020. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде 7 жылда бүтсө жакшы
02.02.2020. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Adilet88,7 жылдан кийин деле акчанын жарымын жеп коюп,крышасы жабылбай калды,акча жетпеди деп деле кутулуп коё берет биздикилер...))))
AykaMer түзөттү 2020-02-02 19:59:04
03.02.2020. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизди Кудайым сактасын мындай вирустан.
03.02.2020. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Belek1710,бизде Арстан бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: