super.kg logo

Өкмөт башчы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү күчтөндүрүү иштерин улантууну тапшырды

 

Бүгүн, 3-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустун өлкөгө киришинин алдын алуу жана Кыргыз мамлекетинин аймагында жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги отурумун өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, бүгүнкү күнү республика боюнча коронавирусту жуктуруу фактысы ырасталган эмес, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Анын айтымында, жакын арада Кыргыз өлкөсүнүн медицина кызматкерлери орусиялык жана кытай кесиптештеринен коронавирусту бир нече сааттын ичинде аныктай ала турган атайын реагенттерди алууну күтүп жатышат.

Өкмөт башчы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү күчтөндүрүү иштерин улантууну тапшырды. Ал бардык алдын алуу чараларын так ишке ашыруу зарылдыгын баса көрсөттү.

"Биз коронавирус инфекциясынан тез арылуу максатында кытай тарап менен өз ара тыгыз кызматташуу багытын колдойбуз. Кытайдын бийлиги вирустун жайылышын токтотуу жана анын кесепеттерин азайтуу боюнча активдүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. Тышкы иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кытайлык өнөктөштөргө гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө маселени иштеп чыгуулары зарыл", – деди премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.02.2020. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коп суйлобой чек араны жапкыла
03.02.2020. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошто кытайлар журот.Башта жолдо бекер остановкада жон эле отурган кытай корчу эмесмин.2 жолу 2 кытай кордум значит биз жакка качышыптырда
04.02.2020. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уктап атат окмот.Тажиктер ВОЗ дон да Россиядан да жардам сураптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: