super.kg logo

Кара-Көл шаардык сотунун судьясы кызмат ордунан убактылуу четтетилди

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын киргизген сунушуна ылайык, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Памирбек Ыманбековду кызмат ордунан убактылуу четтетүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Памирбек Ыманбековду кызмат ордунан убактылуу четтетүүгө жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуш менен мамлекет башчысына кайрылган.

Буга башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Памирбек Ыманбековго карата Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгүндө (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-2-пункттарында (опузалап пара алуу) каралган кылмыштардын белгилери менен жазык иши козголгондугу жөнүндө көрсөтүлгөн сунушу негиз болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: