Жогорку Кеңеш вице-премьерликке Эркин Асрандиевдин, өзгөчө кырдаалдар министрлик кызматына Замирбек Аскаровдун талапкерлигин жактырды
Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңеш вице-премьерликке Эркин Асрандиевдин, өзгөчө кырдаалдар министрлик кызматына Замирбек Аскаровдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу парламенттин токтому кабыл алынды.
Талапкерлерди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Ал Замирбек Аскаров буга чейин вице-премьер болуп иштегенин, Эркин Асрандиев Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектеп келгенин, сунушталган талапкерлер буга чейин өзүн кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алганын билдирди.
Буга чейин кечээ, 4-февралда алардын талапкерлигин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жактырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
-1

