Япониялык 3700 жүргүнчүсү бар круиздик лайнер 14 күнгө портко токтотулду. Анда коронавируска кабылган 10 адам бар

Япониялык "Diamond Princess" аттуу 3700 жүргүнчүсү бар круиздик лайнеринде 10 чакты коронавируска кабылгандар бар экендиги аныкталып, кеме Йокогаманын портуна токтотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, круиздик лайнер 20-январда Кагосима – Гонконг – Окинава багытында сапар алып, 3-февралда кайрылып келмек. Бирок Гонконгдон түшүп калган 80 жаштагы Гонконгдун тургуну коронавируска кабылганы билинип, андан соң бир нече жүргүнчү абалы начарлап кеткен. 5-февралга карата кемеде 10 вируска чалдыккан адам бар экендиги жана алардын баары ооруканага жеткирилгени маалымдалды. Ал эми кеменин калган жүргүнчүлөрүн 14 күн кемеде кармап туруу чечими чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
aerforce

05.02.2020. 16:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дурайын кытай баарына жуктуруп журот
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.