super.kg logo

Жалал-Абадда 10 жашар кызды зордуктаганга шектелген жаран камакка алынды (видео)

 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жашар кызды зордуктаганга шектелген жаран бүгүн, 5-февраль күнү Ноокен райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ноокен РИИБине кайрылган жергиликтүү тургун 10 жаштагы кызын жашы 20-25 чамасындагы бала коркутуп, күч колдонуп, зордуктап койгондугун билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "зордуктоо" беренеси менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Ыкчам иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Ноокен районунун 2000-жылы туулган А.А. аттуу тургуну кармалган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, шектүүнүн жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, кылмышка тиешелүү делген далил буюмдар табылган. Андан сырткары, жабырлануучу шектүүнү тааныгандыгы туурасында көрсөтмө берген. Бүгүн, 5-февраль күнү Ноокен райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан шектүү 2 айга камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө",
- деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Жалал-Абадда 10 жашар кызды мектептен баратканда коркутуп, күч колдонуп зордуктаганы тууралуу жазылган.






Жалал-Абадда 10 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран камакка алынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.02.2020. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогун ооруйт мындай жанылыктарды окуп алып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: