Февраль айынан тартып билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылат



Февраль айынан тартып билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө автоматташтырылат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жаңы систем - эмгек акыны кол менен эсептөөнү токтотот. Бул процессти жеңилдетип, эмгек акыга каралган каражаттарды эффективдүү, максаттуу жумшалышын камсыздайт. Ошондой эле финансылык тартипти бузуунун көлөмүнүн кескин төмөндөшүнө шарт түзөт, негизсиз маяна алып жүргөн учурларды ачыкка чыгарууга жана бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачат. Андан сырткары, тиешелүү текшерүү органдары берген кемчиликтер ордуна келет жана ар бир мугалим эмгегине жараша айлык акы алат. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков окутууга келген кызматкерлерди аткарып жаткан жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана эсепчилердин кызматкерлер менен болгон мамилесин жакшыртууга чакырды", - деп айтылат маалыматта.
Окутуу-семинары 15-февралга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин имаратында өтөт. 10 күндүн ичинде бардык облустун эсепчилерин үйрөтүү мерчемделген. Cеминардын соңунда райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн бухгалтериясына жалпы 55 компьютер тапшырылат.
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнү автоматташтыруу “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында аткарылып жатат.



