Биринчи вице-премьер өлкөдө жылытуу мезгили туруктуу өтүп жатканын айтты
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдө жылытуу мезгили туруктуу өтүп жатканын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 5-февралда 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине экономика тармактарын жана калкты даярдоо боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны өттү.
Бороновдун айтымында, учурда Бишкек шаарынын ЖЭБине көмүр даярдоо иштери өкмөттүн тапшырмасына ылайык жүрүүдө.
"Өлкө боюнча көмүр даярдоо маселеси – канааттандырарлык. 2020-жылдын 10-январына карата учурдагы план өлкө калкын көмүр менен камсыздоодо - 93,69 пайызга жана бюджеттик керектөөчүлөр үчүн - 106,14 пайызга аткарылган. Республика боюнча жалпысынан 727 отун базасы уюштурулуп, калкка көмүр сатуу үчүн көчмө пункттар иштеп жатат", - деди Кубатбек Боронов.
Ал билдиргендей, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2020-жылдын 5-февралына карата – 13,415 миллиард метр кубду түзөт. Бул 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1,99 миллиард метр кубга аз.
"Бул көрсөткүчтөр, суунун азаюу мезгили башталгандыгын билдирет. Муну эске алуу менен тиешелүү иш-чараларды көрүүбүз зарыл", - деп баса белгиледи Кубатбек Боронов.



