super.kg logo

"Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин маянасына кызыккан вице-мэрге Жибек Каракеева жооп берди

 

Вице-мэр Мирлан Амантуров "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашовго кайрылып, муниципалдык ишкананын кызматкерлери эмнеге 50, 60, 70 миң сом маяна алат деген. Бул тууралуу ал 3-февралда өткөн мэриянын жыйынында айткан.

"Тазалык" ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева вице-мэрди кызыктырган суроого жооп узатып, расмий баракчасына маянанын дүмүрчөгүн жарыялады.

"Мирлан Казылаевич, менин айлыгым 11 миң 890 сом, атайын эсеп дүмүрчөгүн сүрөткө тарттым. Айрым учурда түшкү тамак үчүн акчам жок болуп калат, мындай учурга кабылбайын деп иш бөлмөмдө 5, 10 сомдук тыйындарды топтойм. Атам оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканда мөмө-жемишти карызга алып, кийинчерээк карызымды төлөчүмүн. "Тазалыктагы" жумушумдан тышкары, балдарга мастер-класстарды өтөм", - дейт ал.

Ал эми көчө шыпыргандар 8 миңден 25 миң сомго чейин айлык алат. Мисал үчүн алардын дагы маянасынын эсеп дүмүрчөгүн тартып алдым деген ал. Каракееванын айтымында, Мирлан Амантуров "Тазалыкка" жек көрүү менен мамиле кылат.

"Сиз жол маселеси боюнча арыздануулар үчүн өзүнчө чат ачып, мэрге көрсөтпөгөнгө аракет кыласыз. Ал эми тургундарга жакшы көрүнүш үчүн Инстаграмга костюм кийген, президент менен, журналисттер менен отурган сүрөттөрүңүздү жүктөйсүз. Мирлан Казылаевич, шаар тургундарынын сый-урматын акчага сатып ала албайсыз. Жашоочулардын сыйы акысыз, ушундай болуп келген, мындан ары дагы ушундай эле болот", - деп жыйынтыктаган билдирүүсүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.02.2020. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул дөңгөч өзү канча айлык алат, молодец жакшы жооп болуптур, элдин акчасын эсептеп эмне кылат далбан.
06.02.2020. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Вице мэр 60-70 мин айлык болсо биздилер Россияга барып орустун суук жерин шыпырбай Бишкекти эле шыпырат эле го.
06.02.2020. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Флешмоб откоруу керек, тазалыкта иштегендер бир кун вице-мэр болушсун, вицелер кочо шыпырсын ошондо жон тери менен сезет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: