super.kg logo
  Саясат  

Депутат "Лагуна Сити" пансионатынын ээси эч кандай документи жок жер тилкелерин ээлеп алганын айтты

 

Ысык-Көл облусундагы Семеновка айыл аймагында жайгашкан "Лагуна Сити" пансионатынын ээси документи жок жер тилкесин ээлеп алган. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда депутат Бактыбек Турусбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Мага Семеновка жана Кожояр айылынын тургундары кайрылды. 2008-жылы аталган пансионаттын ээси спорт комплекс куруп берем деп, 1 гектар жер тилкесин ижарага алган экен. Бирок андан бери комплекстин фундаменти гана куюлуптур. 2012-жылы ал кайрадан мурунку 1 гектар жерге кошуп 2 жарым гектар жерге 120 коттедж жана 10 особняк салып алганын айтып жашоочулар арызданышууда. Алардын айтымында "Лагуна Ситинин" ээсинин бул жер тилкелерге карата документтери жок. Ал эми коттедж, особняктардын 80 пайызы сатылып кеткенин да айтышууда", - дейт депутат.

Турусбеков бул иш боюнча прокуратурага билдирүү керек экендигин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: