super.kg logo

Эксперт: “Жерүй” боюнча ызы-чуу салып чыккандар жеке кызыкчылыктарын көздөшүүдө”

 

"Талас ынтымагы" коомдук фонду "Жерүй" алтын кениндеги мамлекеттин үлүшү боюнча атайын коомдук уктуруу өткөрдү. Талас облусунда өткөн коомдук уктурууга "Жерүй" алтын кенине тиешелүү бардык мамлекеттик структуралар, кен казуу тармагынын өкүлдөрү, кен казуу иштерин жүзөгө ашырган "Альянс Алтын" компаниясынын жана аны көзөмөлгө алган тараптардын өкүлдөрү катышты.

Талкууда компаниянын кызматкерлери берилген суроолордун баарына жооп беришти. Негизинен иш-чаранын катышуучулары "Жерүй" алтын кениндеги мамлекеттик үлүш, 2015-жылы өткөн сынактын ачыктыгы боюнча суроо салышты.

Коомдук талкууга катышкан эксперт Азамат Акенеев кен казуу иштерин жүргүзгөн "Альянс Алтын" компаниясы кенге лицензия алгандан кийин Кыргызстандын бюджетине бонус менен 100 миллион доллар төлөгөнүн айтты. Мындан тышкары, компания Кыргыз өкмөтү менен инвесторлор ортосунда жүрүп жаткан эл аралык арбитраждагы сотту өз моюнуна алганын белгиледи.

Айтымында, ал кезде алтын кени казууга даяр эмес болчу, аны ишке киргизүү үчүн эле 200-300 миллион долларлык ири көлөмдөгү инвестиция керектелген.

"Инвестор ушул жумуштарга акчасын жумшап жатканда саясатчылар бул абалды өздөрүнө упай топтоо үчүн колдонушкан эмес, эл да ага каршы чыккан эмес. Баары ишке ашып, мына-мына фабрика ишке кирет дегенде гана абал өзгөрүлүп кетти", - деген Акенеев бул көрүнүш ар ким жеке өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп жатканын айгинелейт деген оюн кошумчалады.

"Кайсы бир топтор "Жерүйдүн" иштешине каршылык көрсөткөндөй болуп, өздөрүнө дивиденд алганды көздөп жатышат. Бул кадимки эле шантаж, эмнеге анда алар "Жерүйгө" лицензияны берерде унчугушкан эмес? Инвестициялык көз караш менен алып караганда, азыр "Жерүй" "Кумтөрдөн" да маанилүү болуп турат. "Жерүй" көлөмү боюнча "Кумтөрдөн" кичирээк болгону менен Кыргызстандын мыйзамы менен иштейт, "Кумтөрдөн" чоң айырмасы ошондо", - деди ал.

Эксперт азыр көптөгөн инвесторлор "Жерүйгө" көз салып турушканын, эгер бул алтын кен иштеп кетсе инвесторлор Кыргызстанда мыйзам иштерине ишенип, иштешүү ниеттери оңолорун айтты. Мындан тышкары, акция, митингге чыккандардын "Эмнеге Кыргызстандын "Жерүйдөн" үлүшү жок?" деген суроолору негиздүү экенине токтолду.

"Албетте, кенди жөн эле берип коюуга болбойт, бирок "Жерүй" боюнча абал башкача болчу. Бул жер бизге тиешелүү эмес болчу, буга чейинки коррупциялашкан өкмөт ошондой абалга жол берген. Бул маселени Кыргыз өкмөтү өзү чечсе үлүш талап кылса болот эле да, бирок соттошууну "Альянс Алтын" жүргүздү. Аталган компания адилеттүү, дүйнөлүк салмактуу компания", - деди Акенеев.

Эске салсак "Жерүй" өлкөдөгү эң ири долбоорлордун бири. Ал 30-35 жыл иштейт. Бул убакыт ичинде аны иштеткен компания бюджетке 895 миллион доллар салык төлөйт. "Жерүйдөн" алтын кенин казуу үчүн жумшалган инвестиция 400 миллион доллардан ашат. Кен толугу менен ишке киргенде 1 миң 500 адам жумуш менен камсыз болуп, алардын айлыгы орто эсепте 500 долларды түзөт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
07.02.2020. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Мамлекетке пайдасын тийгизген кенге жолтоо болуп жеке ощү үчүн ызы чуу салгандарды катуураак эле жазага тартпасанар муш баш акылдуулар өтө эле көбөйүп кетти
08.02.2020. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Жергиликтүү чыккынчыларды соттош керек ошондо өздөрүнө келе түшөт.
08.02.2020. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
chake, ошол кенге ким лицензия берген, ошол кезде эмнеге унчукпай отурдунар.
07.02.2020. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
"Кумтор" бизге сабак болушу керек. "Жер уйдон" коп улуш мамлекетке кала тургандай жагын кароо керек.
07.02.2020. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Жер-үй алтын кенинин жетекчиси Муса Бажаев менен Бабановдун жакшы мамлиеси болгон.
07.02.2020. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Ар жерде болот ошондой чыккынчылар.
07.02.2020. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Азыр бизде жер сатылбасын,кен сатылбасын деп чыккандарды,келечекти ойлогон патриотторду озунун кызыкчылыгын ойлогон чыккынчы деп жалаа жапкан акча учун баарына даяр саткындар коп.
08.02.2020. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Э Эксперт, коп былжыраба. Чындыгында эл Джеруйго кайра кайра каршы болуп чыгышты. Анан орустар 100миллион предлагать кылышты. Заводдо жергиликтуулор иштейт, местный бюджетке мынча акча келип тушот, мектеп бала бакча курулат деп, шарит этишти элди. Но кен базар баасы менен 100миллион$ эмес 5миллярд доллар турарын эч кимге айтпагансынар да. Эми эле акылдуу болуп чыга келесинер, таштан чыккан мандалактай. Кенди кайтарыш керек, АШАнын казак досу менен мамлекет коркпой соттошсун.
keku00 түзөттү 2020-02-08 03:17:30
08.02.2020. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул эксперттер куйгузду, бир нерсени талдагыча озунорду жакшыраак карап алгылачы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: