super.kg logo
  Саясат  

Бишкек мэриясы кыймылдай баштады. Донецк көчөсү оңдолууда

 
Сүйөркулов (мурдагы Донецк) көчөсү
Кыйылуучу бактарга ушундай белгилер коюлган
Мэр Иса Өмүркулов бул дарактар кыйылбай турганын айтты
Жолду кеңейтүү үчүн көчөнүн бир тарабындагы бактар кыйылмак (сүрөттө сол тараптагы бактар)
Сүйөркулов көчөсүнүн Юнусалиев көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылды
Сүйөркулов көчөсү ушундай абалга келип калган
Бул жердеги таштанды ыргытуучу урна башка жакка көчүрүлүп жатыптыр
Жолду кеңейтүү үчүн айрым дарактар кыйылууда
Жолду кенейтүү үчүн айрым бактар кыйылууда
Жолго шагыл төгүлүүдө
Чоң таштарды терип салуу керек
Арыктар жана тротуарлар дагы оңдолмокчу
Электр чубалгыларын өткөрүү үчүн казылган жер
Иш кызуу уланууда
Төгүлгөн топуракты түздөө учуру
Жолдогу арыктар дагы оңдолмокчу

"Бул жол да акыры оңдолмой болуптур". Мындай сөздү учурда Бишкектин Сүйөркулов (Донецк) көчөсүнүн жанынан өткөн көпчүлүк айтып жаткан учур, айрыкча айдоочулар. Аталган көчөнүн Малдыбаев көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолуп жатат. Бирок адегенде бул аймак боюнча түшүнбөстүктөр болгон. Мэрия "жолдун туурасын 15 метр кылып кеңейтебиз" деп жол четиндеги дарактарды кыймай болгон эле. Буга жергиликтүү жашоочулар каршы чыгышты. Чакан митинг да өткөн бул боюнча. Муну көргөн шаар башчысы Иса Өмүркулов жыйын өткөрүп, дарактарды кыйбоо тууралуу чечим кабыл алынган. Жолго өтө жакын гана бактар кыйылат. Дарактар кыйылбай калды, жолду куруу жүрүп жатат. Белгилей кетсек, 1,8 чакырым болгон жолду оңдоо иштери 2-августта башталган, октябрь айында бүтөрү болжолдонууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: