super.kg logo

Кытайда 2 ымыркайдын коронавирус жуктурганы аныкталды

 

Кытайда эки ымыркайдын коронавируска кабылганы аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, биринчи ымыркай 13-январда дени сак абалда төрөлгөн. 22-январда ымыркайдын энесин караган аялдан коронавирус аныкталып, 4 күндөн кийин вирус энеден табылган. Андан 3 күн өткөн соң ымыркай жөтөлүп, кусуп, дене табы көтөрүлүп, 31-январда балдар ооруканасына жаткырылган.

Ал эми экинчи ымыркай 2-февралда төрөлгөн. Энеси коронавируска кабылганына байланыштуу ымыркай жарыкка келгенден 30 сааттан кийин дарыгерлер андан анализ алып, коронавирус бар экендигин аныкташкан. Ымыркай тез арада Ухан шаарындагы ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер учурда ымыркайга вирус эненин курсагында эле жукканын же төрөлгөндөн кийин жукканын аныкташууда.

"Бул окуя бизди коронавирустун жаңы жол менен жугуусу - энеден балага тикелей жугуусуна өзгөчө маани берүүбүздү эскертүүдө", - деген Ухан балдар ооруканасынын неонатология бөлүмүнүн башчысы Цзэн Линкун.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: