super.kg logo

Башкы прокуратура: "Садыр Жапаров жатак абакка жана жазасынан мурда шарттуу түрдө бошотулбайт"

 

Абактагы саясатчы Садыр Жапаровду жатак абакка которууга же жазасын мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууга болбойт. Мындай билдирүүнү бүгүн, 6-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.

"Жазык кодексинин 2017-жылдагы редакциясына ылайык, соттолгон Садыр Жапаровду жатак абакка которууга же жаза мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга болбойт. Себеби уюшкан кылмыштуу топтун курамында кылмыш жасаганы үчүн соттолгон адамдарга андай чара колдонулбайт. Ошондой эле уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыш кылып соттолгондор жатак абакка которулбайт", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан, өзү чет өлкөдөн кайтып келе жатканда кармалып, камакка алынган. Ал учурда Садыр Жапаровду миңдеген тарапташтары жолугуу үчүн күтүп турушкан. УКМК жолугууга жол бербей, чек ара күзөт бекетинен кармап кеткен.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Быйыл 30-апрелде Жогорку Сотто абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши кайрадан каралып, соттук коллегия анын жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(6)
06.02.2020. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жапаров ОПГнын башчысы экенда анда? Батукаевден да коркунучтуу окшойт...
06.02.2020. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Садыр Садыр чыксын деп жүрүп Садырдын деле жаза мөөнөтү бүткөнү калды дагы 2 3 жылда чыгат.
06.02.2020. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атамбаев өтө катуу берене менен чыккыс кылып соттотуп салган экен да демек.
06.02.2020. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Болот Байкожоев: «Мен Садыр Жапаров баштаган уурулардын кылмыштуу иштерин айтууга даярмын»

Узак жылдардан бери карай эле «Ысык-Көл Инвест Банкынын» негиздөөчүсү Болот Байкожоев өзүнүн банкын кандайча Садыр Жапаровго тарттырып жибергенин айтып келатат. Бирок, тиешелүү укук коргоо органдары эмнегедир бул маселе өтө олуттуу карабай жатышкан сыяктуу.
07.02.2020. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Садырдын чыгышын Кыргызстанды устунон, сырттан башкаргандар каалабай жатат. Чыкса Кыргызстандагы баардык былык иштер ачыкка чыгат, Кыргызстан онугот. А аларга бул жакпайт. Кыргызстан онукпошу керек, дайым козомолдо турушу керек. Ошон учун жататко чиркин! Кайран гана Кыргызым...
07.02.2020. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ото окунучтуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: