super.kg logo

Бишкекте айдоочу жол кайгуул кызматкерине кол көтөрдү. Милиция эреже бузган жаранды издейт

 

5-февралда Бишкектеги Манас кең көчөсү менен Москва көчөсүнүн кесилишинде жол кыймылын көзөмөлдөгөн кайгуул кызматкерине айдоочу кол көтөрдү. Бул тууралуу видео социалдык тармакка жарыяланды.

Анда тыгында турган Тойота Камри үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаадан чыгып, патрулдук милицияга кол көтөргөн. Окуянын күбөлөрү айдоочу кызматкерди сөккөнүн да айтышкан.

Бүгүн, 6-февралда патрулдук милициянын басма сөз катчысы учурда айдоочу изделип жатканын билдирди.

"5-февралда болжол менен саат 17:00 чамасында Манас кең көчөсү менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу милициянын кайгуул кызматкерине орой мамиле жасаган. Ал жол кыймылын көзөмөлдөп жаткан кызматкерге "унааларды бир тарапка эле өткөрө бересиңби?" деп асылган. Айдоочу кызматкердин талабына баш ийбей автоунаасын айдап кетип калган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене (майда бейбаштык) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда айдоочуну издөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп кабарлайт маалымат катчы.






Кайгуул кызматкерине асылган айдоочунун окуясы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
06.02.2020. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мындай акчасына көпкөн көпөстөрдү таап жазалаш керек
06.02.2020. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенен басып жургон эргулдар мыйзам иштеп булар кысылып жаман болду.
06.02.2020. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол айдоочуну таап жазалабасанар силерди эч ким тоготпойт, корунгон жерде согуп, уруп кете беришет.
06.02.2020. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кол көтөрду десе чаап же муштап жиберген экен десе, туртушуп эле коюптур го. Эми таап акчасын шыпырып алышат да, башка кандай жаза болмок эле.
06.02.2020. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх биздин милициялар аман эле болгулачы колу бутун кайрып кетпейсинерби
06.02.2020. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колун кайрып ошол жерде кармабайбы.
06.02.2020. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чынында жинин келет мен да айдоочумун кечки пропкада бир жактама койуп жиберип тажатышат жолдорду депутат министирлерге ачып берип карапайым Эл тура бериш керек пропкада
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: