super.kg logo

Бишкекте "Навигатор" кафесинин кызматкери баңги затын сатууга шектелип кармалды (видео)

 

Бишкек шаарындагы "Навигатор" кафе-барында баңги затын сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бишкек ШИИББине Биринчи Май районунда жайгашкан "Навигатор" кафе-барында баңги затын таратып жатат деген маалымат түшкөн. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 267-берене ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам-иликтөө амалдарынын натыйжасында кылмышка шектүү аталган мекемеде 8 айга жакын иштегени маалым болгон. Ошондой эле сатып жаткан учурда анын жанында салмагы 4 грамм болгон гашиш баңги заты бар экендиги аныкталган. Кылмышка шектелип 1992-жылы туулган "Навигатор" кафе-барынын кызматкери Т.У. кармалды. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан табылган баңги заты боюнча соттук-химиялык эскпертиза дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.






"Навигатор" кафесинин кызматкери баңги затын сатууга шектелип кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.02.2020. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир байкушту кармаштыда. Кыйын экенсинер башында тургандарды кармабайсынарбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: