super.kg logo
  Саясат  

Президент тышкы карызды башкаруу боюнча мамлекеттик саясат өзгөргөнүн айтты

 

Президент Сооронбай Жээнбеков тышкы карызды башкаруу боюнча мамлекеттик саясат өзгөргөнүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-февралда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдиргенин президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы белгилегендей, мамлекеттик тышкы карыздын суммасы акыркы эки жылда ички дүң продуктуга карата 53 пайыздан 44 пайызга чейин төмөндөдү. Сооронбай Жээнбеков бардык сырткы карыздар калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык долбоорлор сыяктуу тез натыйжа бере турган долбоорлорго карата абдан рационалдуу колдонулушу керектигин баса белгиледи.

Орточо эсеп менен кийинки 10 жылга тышкы карызды тейлөөгө жылына 23 миллиард сомдон ашык же 335 миллион доллар жумшаларын айтты. Тышкы карыздарды төлөөнүн максималдуу чеги 2025-2029-жылдар аралыгына туш келет.

"Негизи бардык мамлекеттер карыз алып, эл аралык финансы институттары менен кызматташат. Биздин мамлекет да эгемендүүлүк алган алгачкы жылдардан тартып тыштан карыз алып келди. Маселе башкада, биз ушул карызды кандай пайдалана алдык? Буга чейин алынган карызды төлөшүбүз керек. Милдеттенмелерибиз бар. Анын баарын төлөйбүз. Эч кандай жер, кен байлыктар берилген жок жана берилбейт", - дейт Сооронбай Жээнбеков.

Ал узак мөөнөткө, грант элементи жогору болгон, жеңилдетилген кредиттерди тартып, алар экономиканын приоритеттүү делген энергетика, жол инфраструктурасы, таза суу, ирригация, кайра иштетүү, айыл чарба тармактарына жумшалып жатканын айтып берди.

Жеңилдетилген узак мөөнөттүү карыз жана инвестицияларды тартмайынча, экономикалык өнүгүүгө жетишүү мүмкүн эмес экенин кошумчалады.

"Киши башына ички дүң продукциянын үлүшүн көбөйтүү үчүн заводдорду жана фабрикаларды куруп, инфраструктураны жакшыртып, туризмди өнүктүрүү зарыл. Мисалы, таза ичүүчү суу жок болсо, туризмди өнүктүрө албайбыз, сугат суунун көлөмү жетишсиз болсо, айыл чарбасын өнүктүрүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан биз инвестицияларды тартып, инвесторлор үчүн шарттарды түзүп, сырткы карыздарды рационалдуу жана натыйжалуу пайдаланышыбыз керек", - деди Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: