super.kg logo
  Саясат  

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

 

Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына судьялардын кызматтарына дайындоо боюнча сунуштар келип түшкөн.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жогорку Сотко 1 талапкер, Жогорку Соттун Конституциялык палатасына 1 талапкер, Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарынын айрым жергиликтүү сотторуна 19 талапкер боюнча сунуштар түшкөн.

2020-жылдын 30-январында мамлекет башчысы айрым талапкерлер менен маектешүү өткөргөн. Анын натыйжасында жана кошумча берилген материалдарды эске алуу менен президент судьялык кызматка 13 талапкер боюнча кеңештин сунуштарына макулдук берди.

Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызматтарына 13 талапкер боюнча президент чыгарган жарлыктарга ылайык, дайындалган судьялар милдетин өтөөгө төмөнкү сотторго жиберилди:

Ош облусу:

  • Ош облустук сотуна Жаркынбек Кыдырбаев;
  • Өзгөн райондук сотуна Гульнархан Жоробаева;
  • Ош шаардык сотуна Нурлан Абдыразаков;

Бишкек шаары:

  • Свердлов райондук сотуна Жамиля Чикеева;

Жалал-Абад облусу:

  • Аксы райондук сотуна Элнура Жантороева;
  • Сузак райондук сотуна Надырбек Токтосунов;

Чүй облусу:

  • Аламүдүн райондук сотуна Айке Мусаева;

Ысык-Көл облусу:

  • Ак-Суу райондук сотуна Эльдарбек Мамыров;
  • Каракол шаардык сотуна Каныбек Акыев;

Талас облусу:

  • Бакай-Ата райондук сотуна Ойниса Эгембердиева;
  • Манас райондук сотуна Азамат Тилемишов;
  • Талас шаардык сотуна Эсенбек Султанов;
  • Талас райондук сотуна Тариэл Акылбеков.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: