Ысык-Көлдүн Маман айылында окуучуларга жол эрежесин сактоо иш-чаралары өткөрүлдү





Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Маман айылынын окуучуларына жол кыймылынын кызматкерлери жол коопсуздугун кантип сакташ керек экенин үйрөтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Жол тескөөчүлөр жол эрежелерин эмне үчүн сактоо керек экендигин окуучуларга айтып беришип, жолдо кайсыл жерден өтүүнү жана жолдун кайсыл аймагы коопсуз болорун практика жүзүндө көрсөтүп беришти. Мындан тышкары, жол кыймылынын жаш инспекторлору менен бирдикте өспүрүмдөр көпчүлүк учурда кайсыл жол эрежелери бузулуп жатканын кызуу талкуулашып, анын кесепеттери кандай болорун кененирээк айтып беришти. Ошондой эле окуучулар автоунааларда эмне себептен коопсуздук курларын тагынуу керек экендиги жөнүндө кеӊири маалымат алышты. Иш-чаранын акырында окуучулар милиция кызматкерлерине жол эрежелеринин талаптарын ар дайым сактоого аракет кыларын убада кылышты", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.





1 |