super.kg logo
  Саясат  

Шотландияда койлордун жарышы болду

 
Жарыштын максаты - Моффэт курортунун аймагындагы күлүк койду аныктоо
Жарыштын максаты - Моффэт курортунун аймагындагы күлүк койду аныктоо
Бири-бирине атаандашып чуркаган койлор мараны көздөй баратышат
Бири-бирине атаандашып чуркаган койлор мараны көздөй баратышат
Күлүк койлор алдыга суурулуп келе жатышат
Ар бир койго кооздук учун жумшак оюнчуктар тагылган
Ар бир койго кооздук учун жумшак оюнчуктар тагылган
Шотландияда мындай жарыш экинчи жолу өтүп жатат
Шотландияда мындай жарыш экинчи жолу өтүп жатат
Шотландиянын Моффэт курорттук аймагында тарыхта экинчи жолу койлордун жарышы болду. Ага ондогон жандык катышып, күлүк койлор борбордук көчөнү баштан-аяк чуркап өтүштү. Кооздук үчүн ар бир койго жүндөн жасалган жумшак оюнчуктар тагылды. Жарыштын максаты - аталган курорттун аймагындагы эң күлүк койду аныктоо болгон жана ал ой ишке ашты. Жеңишти Уии Арчи аттуу тургундун кою багындырып, баалуу белектерди утуп алды. Иш-чаранын уюштуруучуларынын билдиришинче, койлордун жарышын Испаниянын Памплона шаарында өтчү букалардын жарышынын породиясы деп атоого болот. Муну менен бирге жергиликтүү фермерлерге колдоо көрсөтүү экенин да белгилешти алар.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: