super.kg logo
  Саясат  

Түркияда 41 адам кар көчкүдөн каза болду. Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президентине жана элине көңүл айтты

 

Түркиянын Ван провинциясында 4-февралда кар көчкүсү түшүп, Ван-Бахчесарай трассасында жүргүнчү ташыган кичи автобус кар алдында калган. Куткаруу тобу окуя болгон жерге барганда дагы кар көчкүсү түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 41 адам каза болуп, 84 адам жаракат алганын чет элдик маалымат каражаттары жазышууда. Учурда кар алдында калгандарды куткаруу иштери улантылып жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга жана түрк элине кар көчкүнүн кесепетинен каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

"Ван провинциясында кар көчкүнүн кесепетинен көп сандаган жарандардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге жана жалпы түрк элине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза болгондордун жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм", - деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез айыгып кетүүнү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: