"Коронавирустун белгилери жок". Кытайдан Тажикстан аркылуу келген эки Кыргыз жараны медициналык кароодон өттү
5-февраль күнү Кызыл-Бел көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу Кытайдан Баткенге келген эки жарандын дене табы көтөрүлүп, изоляторго жаткырылганы айтылган. Саламаттыкты сактоо министрлиги алар Кытайдан Тажикстан аркылуу келгендиктен, талапка ылайык аларды көзөмөлдөө үчүн саламаттыкты сактоо бөлүмүнө алып келгенин кабарлаган.
Бүгүн, 7-февралда министрликтин маалымат кызматынан Кытайдан келген эки жарандын диагнозу чыкканын билдиришти. Ага ылайык, вирустук изилдөөнүн жыйынтыгы канааттандырарлык болуп чыкты.
"Кытайдан келген мекендештерибизден коронавирустун белгилери табылган жок. Учурда алар Баткен облустук биргелешкен ооруканасында", - деди маалымат кызматынын өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(3)
JaneEr

07.02.2020. 16:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
14 кундо билинет шашпагыла!
Omush94

07.02.2020. 16:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Diamond Princess" круиздик лайнериндеги коронавируска кабылган жүргүнчүлөрдүн саны 60га жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар Япониянын расмий маалыматына таянып жазып чыгышты. Анда жазылгандай, бүгүндөн баштап Япония өкмөтү вирустан сактануу максатында чет элдик круиздик лайнерлерди киргизүүгө тыюу салды. Буга чейин япониялык "Diamond Princess" аттуу 3700 жүргүнчүсү бар круиздик лайнеринде 10 чакты коронавируска кабылгандар бар экендиги аныкталып, кеме Йокогаманын портуна ток
Omush94

07.02.2020. 16:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шашпагыла шашкан шайтандын иши
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.