Билим берүү министрлиги: "ЖРТдан эч кандай кыргыз тили алып салынган жок! Тескерисинче филология адистигине тапшыруучулар үчүн милдеттүү түрдө киргизилди"

Жалпы республикалык тестирлөөдөн “Кыргыз тили жана адабияты” предмети алып салынды деген маалыматтар айтылган.
Аталган министрликтин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев кыргыз тили жалпы республикалык тестирлөөгө киргизилбей калды деген жаңылык чындыкка туура келбей турганын айткан.
“2002-жылдан бери эле тестирлѳѳнүн негизги предметтери болгон математика, окуп түшүнүү, аналогиялар жана сүйлѳмдѳрдү толуктоо, кыргыз тилинин практикалык грамматикасы деген бѳлүктѳр, ошондой эле Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы, физика, химия, биология, математика, сыяктуу предметтер боюнча кошумча тесттер кыргыз тилинде тапшырылат. 2020-жылдан тартып филология багытына тапшырууну каалаган абитуриенттер үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө кыргыз тили жана адабияты боюнча кошумча предметтик тест киргизилип жатат", - деп билдиришти министрликтин маалымат кызматынан.
2019-жылдан тартып мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн баарына өз каалоолору менен «Кыргызтесттен» өтүү мүмкүнчүлүгү берилип, колуна сертификат алган абитуриенттерге жогорку окуу жайларга кирүүдө жеңилдиктер каралганы айтылды.





1 |