super.kg logo

Орусияда төрт Кыргыз жараны тоноого шектелип кармалды

 

Орусиянын Петербург шаарындагы көчөлөрдүн биринен 29 жаштагы кызды төрт эркек киши травматикалык тапанча менен коркутуп, сумкасын тартып алган. Бул тууралуу орус басылмалары жазышат.

Маалыматка ылайык, кол салгандар Кыргыз жарандары болгон. Тоноого кабылган кыз жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине окуя тууралуу айтып берген.

“Мен жасалга сатып алуу үчүн келгем. Сумкамда көп суммадагы акча бар болчу. Күтүүсүздөн мага төрт киши жүгүрүп келишип, курал менен коркутуп сумкамды тартып алууга аракет кылышты. Алгач баш берген жокмун. Анткени мен өзүмдү эмес сумкадагы акча тууралуу ойлоно бердим. Бул каражат меники эмес болчу. Андан кийин алар травматикалык тапанча менен бутума атты. Бирок баарыбир сумканы коё берген жокмун. Каракчылардын бири башыма куралды такаганда гана колумду коё бергенге мажбур болдум. Алар качып кетип баратканда автоунаасынын номурун жаттап калганга жетиштим”, - деген жабырлануучу.

Окуянын видеосу көзөмөлдөөчү камерага жазылып калгандыктан, социалдык тармактарга тарап кеткен. Колдонуучулар каракчылардан коркпогон кызды “Эр жүрөк Наташа” деп атап баштаган.

Көп өтпөй тоноого шектелгендер колго түшүрүлгөн. Орусиялык укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, сумкада 230 миң рубль, мобилдик телефон жана документтер болгон. Бул факт боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө иши башталды.

"Кармалгандар 24 жаштан 34 жашка чейинки эч жерде иштебеген Орто Азиядан келген жарандар. Алардын экөө Орусиянын аймагында эч кандай каттоого турбай мыйзамсыз жүрүшкөн”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы Элчилиги мындай окуя болгонун тастыктап, төмөндөгүдөй маалымат берди.

"Ал балдар Кыргыз өлкөсүнүн жарандары экендиги такталды. Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Санкт-Петербург шаарындагы Элчиликтин кеңсеси жана консулдук иштеп жатат. Иш көзөмөлгө алынган", - дешти элчиликтен.






Орусияда төрт Кыргыз жараны бир кызды тоношкон

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(14)
07.02.2020. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эшектер десе, үйдө баатыр жоодо жок, күчүңөр ашып ташып жатса чек ара барып жашагыла.
07.02.2020. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эхх өкүнүчтүү. Аллах туура жол бер өз пенделерине.бөдө кырсыктан сакта кыргыз элими.
07.02.2020. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ошол жакта эле өлтүрүп таштаса экен силерди
Жеңилдик берип жатса кылганын кара бул жетимдердин Эми силерди деп рейд боло берет экен да
07.02.2020. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
бул акмактар россияда иштеп жүргөн 1.5 млн мигранттарывызга кедергисин тийгизбесе эле эми
07.02.2020. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дагы рейд башталат экен да эми ар бир станцидан метролордон автобустардан текшерүү күчөп,ушундайлар уят кылат бизди
07.02.2020. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баяагы Эле Кыргыз паспортту сатып алган узбектергоо
08.02.2020. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Nurik1988,Кыпкыргыз экен. Россиянын сайттары көздөрүн бекитпей эле чыгарып койгон.
07.02.2020. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бутундой кыргыз элин уят кылдынар го э айбандар, кыргыздын тарбиясын алдынар беле? Кайсы атанар кызга кол которчу эле, болгондо да данкайган тортоон. Жалгыз бироон болгондо олтурчу экен кыз.
07.02.2020. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаман иш болуптур. Бирок мени кубандырган нерсе элчиликтин кабары бар экен. Дайым эле бирнерсе болсо маалымат такталып жатат деп коюшат го
08.02.2020. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менимче кыргыздар эмес...Кырг.паспортун алган озубек же таджик....
08.02.2020. 07:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
озбек да эмес,тажик да эмес, кыпкыргыз эле булар. ой тообаа,кучко толуп турган маалынар экен,качыратып кара жумуш кылсанар ташты талкан кылчу. женил,арам тамак аш болбойт,эми азабын тартасынар.
08.02.2020. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ото уят, акмактар турбайбы, беттери жоктор, анан да тортоо биригип чабыр чоолор коёнго кол салгандай эле болуптур, мен уялып атам бул жакта...
08.02.2020. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жылаңачтап столбага зым менен байлап салса силерге окшогон айбандарды, башкаларга да сабак болот эле.
Медиа-портал
15.02.2020. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмактар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: