super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт кенже тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын өлчөмүн эки эсе жогорулатты

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кенже тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан маалымат таратышты.

2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген документке ылайык, автобустардын, жүк ташуучу унаалардын, транспорттук-жыйноочу машиналардын, электр жана авточиркегичтердин айдоочуларынын, жыгач усталардын, сантехник, слесарь, электрик, иш кагаздарды мукабалоочу, короо шыпыргыч, багбан, гардеробщик, кароолчу (вахтер), лифтте иштөөчү адам, от жагуучу, кастелянша, курьер, кладовщик, имараттарды оңдоп, тейлеген жумушчулар, калктуу конуштарды жакшыртуу, иш бөлмөлөрдү жана кызматтык аймактарды тазалагандардын эмгек акысы эки эсе жогорулайт.

Бул токтомду жүзөгө ашырууга бюжеттен жылына 220 миллион сом бөлүнөт, бул республикалык бюджетте каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: