Кыргыз жарандары Латвиянын жогорку окуу жайларында акысыз билим ала алышат

Кыргыз жарандары Латвиянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн аталган өлкөнүн мамлекеттик стипендиялык программасына катышса болот. Бул тууралуу билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Программа илим изилдөө мекемелеринин же жогорку окуу жайларынын кызматкерлери, студенттер жана профессордук-окутуучулар курамы үчүн багытталган. Бул бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары (10-11 ай) илимий же илим изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жайкы мектеп. Окутуу латыш жана англис тилдеринде жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Документтер 2020-жылдын 1-апрелине чейин кабыл алынат.
Стипендиялык программанын шарттары, талаптары жана башка жагдайлары боюнча толук маалыматты шилтемеден алсаңыз болот - www.viaa.gov.lv/scholarships .
Кыргыз өлкөсү менен Латвия өкмөтү 2016-жылы октябрь айында билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшкан.



