super.kg logo
  Саясат  

Мас абалда унаа башкарып, жол кырсыгын жараткан Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Эльмира Сулайманова кызматынан бошотулду

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-февраль күнү Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Эльмира Сулайманованы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуп, анын Жалал-Абад шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Эльмира Сулаймановага карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жазасын колдонуу тууралуу сунушту карап чыкты. Судьяга карата тартиптик өндүрүштү козгоого Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун тартиптик чара колдонуу тууралуу сунушу негиз болуп, анда ал мас абалында автоунаа башкарып бара жатып, жол кырсыгын жаратканын, бул факт тиешелүү мамлекеттик органдардын протоколдору менен тастыкталгандыгы белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун сунушун кароонун жыйынтыгы менен судья Эльмира Сулаймановага карата судьялык кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимин чыгарган. Чечимдин негизинде президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-февралда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушун колдоп, Сулайманова Эльмираны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуп, анын Жалал-Абад шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: