super.kg logo

"Денесинде көк ала тактар болгон эмес". Жансыз денеси табылган Кубат Асановдун өлүмү боюнча экспертиза дайындалды

 

15-январдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан Кубат Асановдун жансыз денеси 6-февралда табылгандыгы маалымдалган. Маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат катчысы билдирет.

Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 6-февралда белгисиз жарандын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, маркумдун сөөгү жолдон 50-70 метр алыстыкта жатканын аныкташкан.

"Учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат. Маркумдун денесинде көк ала тактар аныкталган эмес", - деди маалымат кызматынын өкүлү.

Буга чейин Канат Асановду бир тууган иниси Кубат Асанов 15-январда издеп чыгып, ал дагы ошол күндөн бери дайынсыз болуп жатканы маалымдалган.

"Бир туугандардын эч кандай материалдык байлыгы, бизнеси деле жок болчу. Жөнөкөй, карапайым эле адамдар. Алардын бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз болуп жатканы бизди тынчсыздандырууда", - деп билдирген Асановдордун жакыны.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
07.02.2020. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Материалдык байлыгы, бизнеси жок карапайым бироо болсо баштарын ооруткулары келбесе керек да укук коргоочулардын.
07.02.2020. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чон бир сыр барда агасын издеп озунун жансыз денеси табылса
08.02.2020. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кок ала так болбосо кандай каза болуп калат
08.02.2020. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул киши 15-Январдан баштап изделип жаткан.Силер 9-Январь дегенсинерби?9 да агасы аны издеп 15 иниси дайынсыз жоголгон же мен адаштымбы билбейм! Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.Жакындарынын конулун бирге болушом кайрат кылыныздар.Буйруса агасы тируу табылып калсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: