super.kg logo
  Саясат  

Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын шаарындагы сүттү кайра иштетүүчү заводдун иши менен таанышты

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы сүттү кайра иштетүүчү заводдун иши менен таанышты.

Аптасына 15 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар завод өкмөттүн колдоосу менен ачылган. Завод аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө чоң салым кошот.

Өкмөт башчы Нарын облусунун мал чарбачылыгындагы дараметин эске алганда, мындай объекттер өнүгүүнүн негизги фактору болуп эсептелерин белгиледи.

Сырьёнун көлөмү жетишсиз болуп, завод толук кубаттуулукта иштей албай жаткандыктан, Мухаммедкалый Абылгазиев чийки заттын базасын көбөйтүү боюнча план иштеп чыгууну тапшырды. Өкмөт башчынын айтымында, зарылдыкка жараша сырьёнун жетишсиздиги боюнча маселени чечүү максатында кошумча лизинг жана насыялык линияларды ачуу шарт.

Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мурдагыдай эле жер-жерлердеги мындай ишканаларга зарыл жардамды берерин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: