super.kg logo

Бишкекте жана Чүйдө дарыланып жаткан Казак жарандарын Алматыга алып кетишти

 

Казакстандын Масанчи айылындагы массалык жаңжалдан кийин Кыргыз өлкөсүнө келип, ооруканада дарыланып жаткан Казак жарандары мындан ары дарылануусун Алматыда улантат. Бейтаптарды Казакстандан келген топ алып кетишти. Маалымат бүгүн, 9-февралда Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан белгилүү болду.

Казакстандын саламаттыкты сактоо боюнча вице-министри Камалжан Надыров баштаган делегация Кыргыз өлкөсүнө келди. Алар Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы ооруканаларда дарыланып жаткан Казак жарандарынын абалы менен таанышып чыгышты.

"Камалжан Надыров кыргыз өкмөтүнө жана жардам көрсөткөн медицина кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди. Вице-министр бейтаптар мындан аркы дарылануусун Казакстандан уланта турганын айтып, санавиация менен аларды Алматы шаарына алып кетишти", - деп жазылат маалыматта.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги 8-9-февралда жалпысынан 34 Казак жараны медициналык жардам сурап кайрылганын маалымдайт. Алардын 21и амбулатордук дарыланууга жөнөтүлүп, 13ү өлкөнүн ооруканаларында дарыланып жаткан. Учурда Токмок аймактык ооруканасында жана Ивановка айылындагы медициналык жайда 5 Казак жараны дарылануусун улантып жатат. Алардын абалы канааттандырарлык.

Окуянын чоо-жайы:

7-февралда Кыргыз-Казак чек арасына жакын Жамбыл облусунун Масанчи айылында жергиликтүү тургундардын ортосунда массалык мушташ орун алып, ок атышуу болгону кабарланган.

Кыргыз өлкөсүндөгү Токмок аймактык ооруканасына 17 Казак жараны медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Алар Масанчи айылында чыккан массалык мушташтан жаракат алгандарын билдиришкен.

Жаңжалдын кесепетинен 8 адам каза болуп, 40 жаран денесинен ар кандай жаракаттарды алганын өлкөнүн ички иштер министри маалымдаган. 9-февралда казак басылмалары каза болгондордун саны 10го жеткенин жазып чыгышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.02.2020. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргыз башына иш тушкон кошунага озунун айколдугун корсотту.биздин башыбызга тушкондо чек арены жабышкан болчу.
09.02.2020. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Tolkun555,баурлар еврейден өткөн куу болушат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: