super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Султан Ибраимов кыялданган өнүккөн Кыргызстанды курабыз"

 
Алмазбек Атамбаев: "Султан Ибраимов кыялданган өнүккөн Кыргызстанды курабыз"
С.Ибраимовдун кызы Эльмира Ибраимова эскерүү сөзүн айтууда
Токмок шаарында С.Ибраимовдун эстелиги анын 85-жылдыгына арналып тургузулду

21-августта Токмок шаарында белгилүү мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун эстелиги ачылды. Эстелик анын 85-жылдык мааракесине карата тургузулду. Иш-чарага өлкө башчы Алмазбек Атамбаев баштаган жогорку бийликтегилер, депутаттар, жергиликтүү тургундар катышты. Мамлекеттик ишмердин кызы, учурда Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова да ал жерде болду жана атасы тууралуу эскерүү сөзүн айтты. Өлкө башчы болсо мамлекеттик ишмердин таза иштеген инсан экендигин баса белгиледи. "Эгерде биз акыркы 20 жылда Султан Ибраимовдой жана анын командасындай иштегенде азыр Кыргызстан таптакыр башкача болмок. Ал биздин эсибизде калыс, таза иштеген инсан катары калат",- деди өлкө башчы. Ишти жөнөкөй тракторчу болуп иштөөдөн баштаган Ибраимовдун өлкөнүн министрлер кеңешинин төрагалыгына чейин өсүп жетишин президент анын таза иштегени менен байланыштырды. "Биз Султан Ибраимов кыялданган өнүккөн өлкөнү курарыбызга ишенем",- деди ал. 

 

 

  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: