"Оскар 2020": "Мыкты актриса" наамына 50 жаштагы Рене Зеллвегер татыды
АКШнын Лос-Анжелес шаарындагы "Долби" театрында жыл сайын кино тармагындагы мыктыларды аныктоочу "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи өтүп жатат. Сыйлоо аземи быйыл да алып баруучусу жок өтүүдө.
"Оскар 2020" кино сыйлыгынын "Мыкты актриса" наамы Рене Зеллвегерге буюрду. Рене Зеллвегер атактуу актриса жана ырчы Жуди Гарлэнд тууралуу баяндалган "Жуди" тасмасында башкы каармандын ролун аткарган.
Бул сыйлык актрисанын экинчи алтын статуэткасы болду.
"Мыкты актриса" наамына Рене Зеллвегерден тышкары, Синтиа Эриво ("Гарриет"), Скарлетт Йоханссон ("Нике окуясы"), Сирша Ронан ("Кичинекей айымдар") жана Шарлиз Терон ("Чатак") ат салышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.