super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Чүй облусундагы мектептерди куруу иштери жай жүрүп жатканын билдирди

 
Аламүдүн районундагы №2-орто мектебинин курулуш иштери менен президент таанышып чыкты
Аламүдүн районундагы №2-орто мектеби
9 жылдык мектептин курулуш иштери 2011-жылы башталган
Чүй районундагы Маданият айылындагы Б.Маленов атындагы 9 жылдык мектептин

Бүгүн, 21-августта президент Алмазбек Атамбаев Чүй облусундагы мектептердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысы Чүй районунун Маданият айылындагы Б.Маленов атындагы 9 жылдык мектептин 2011-жылы башталган курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты. Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Нарбаев белгилегендей, мектептин жаңы имараты 150 окуучулук орунга эсептелген. Азыркы учурга бардык жер иштери аткарылган, пайдубалы түптөлүп, тышкы суу түтүктөрү куралган. Ошондой эле мектептин дубалдары тургузулуп, спорт залынын курулушу жүрүп жатат. Алмазбек Атамбаев курулуш иштеринин жай жүрүп жаткандыгын белгилеп, Каныбек Нарбаевге мектептин жаңы имаратты ушул жылы күз айларынын акырына чейин пайдаланууга берүүнү камсыз кылууну тапшырды. 

    

Андан ары мамлекет башчысы Аламүдүн районундагы №2-орто мектептин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты. Каныбек Нарбаевдин маалыматы боюнча, бул имараттын үстү жабылып, айнектери салынган, ошондой эле ички электр өткөргүчтөрү толугу менен өткөрүлгөн. Алмазбек Атамбаев билим берүү мекемесинин курулушунун мөөнөтүнүн создугуп кеткендигин эскертти. “Каржы министрлигине эч кандай доомат жок. Бардык каражаттар өз убагында которулуп жатат. Маселе аткарууда”, - деп баса белгиледи президент. Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине объекттердин наркынын негизделгендигин карап чыгууну, каражаттарды өздөштүрүүгө көзөмөлдү күчөтүүнү жана бул мектептин курулушун 2013-жылдын 15-сентябрына карата бүтүрүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: