Кыргыз футболу жоготууга дуушар болду
Футбол боюнча кыргыз курама командасынын жана "Кара-Балта" футбол клубунун мурунку оюнчусу Моргунов Роман Николаевич 49 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу КПЛдин (Кыргыз Премьер-Лигасы) сайтына жарыяланды.
Роман Моргунов "Кара-Балта" клубунун тарбиялануучусу. Бул клубда 10 сезон оюн ойноп, жалпы Жогорку Лигада 200дөн ашык оюнга катышкан.
Кыргыз курама командасы менен алгачкы жолу 1994-жылы Ташкентте өткөн Орто Азия Кубогуна катышкан.
Футболдогу карьерасы бүткөндөн кийин Роман Моргунов "Кара-Балта" клубунун жаш балдарын машыктырып келген.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Роман Моргуновдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















