Өзбек жараны медициналык бет каптарды Кыргыз өлкөсүнөн алып чыгып бараткан жеринен кармалды

"Маданият-автожол" көзөмөл-өткөрүү жайында Өзбек жараны медициналык бет каптарды мыйзамсыз алып бара жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
"Маданият-автожол" көзөмөл-өткөрүү жайында Кыргыз өлкөсүнөн Өзбекстанга бара жаткан 2000-жылы туулган О.А. аттуу Өзбек жаранын текшерүү учурунда чек арачылар тиешелүү документи жок 300 медициналык бет капты табышкан. Кыргыз өкмөтүнүн чыгарылган токтомуна ылайык, 3-февралдан тартып жарым жыл ичинде медициналык каражат жана дары-дармекти чет жакка алып чыгууга тыюу салынган. Тиешелүү документтер түзүлгөн соң, кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:52
2025-09-13

19:00
2025-09-12
Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
aerforce

10.02.2020. 16:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озубузго жетпей жатса саткыла
Agayu

10.02.2020. 17:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыздар качанкыча жарабызды жашырабыз ? Өзү биз өтө начар калк болуп кеттик, бийликтегилерден баштап калкка чейин ар бирибиз оз чөнтөгүбүздү ойлоп калдык .Мындай өзүмчүл болсок сырттагы бөрүлөр кой кургандай кырып кетет бизди.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.