super.kg logo
  Спорт  

Футзал боюнча кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов: "Азия чемпиондугу жылдырылганына карабай даярдык белгиленген график боюнча жүрөт"

 

Футзал боюнча кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов Азия чемпиондугунун жылдырылганына карабай даярдыгы күч экенин айтты. Бул тууралуу ал Футбол федерациясына маек берип жатып билдирген.

"Даммам шаарындагы Сауд Арабиясына каршы болгон оюндар менен биринчи микроциклди аяктадык. Бул эки оюнга атайын белгиленген тапшырмалар бар эле, тактап айтканда, позициялык коргонуу жана прессинг кылууну көрүү болчу. Аталган оюндардан кийин тиешелүү жыйынтыктар түптөлдү. Даммамда болгон убакытты пайдалуу өткөрө алдык. Эки жолудан машыгуулар өтүп жатты. Сапар натыйжалуу болду деп айта алам. 11-февралдан тарта Чолпон-Ата жана Бишкекте өтүүчү даярдыктардын кезектеги этабы башталат. 21-22-февралда Алматы шаарында МФК «Кайрат» менен жолдоштук беттеш өтөт. Биз Европанын мыкты командасы менен беттешүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбашыбыз керек, мындай учур дайыма эле боло бербейт. Ошондой эле чемпиондукка дагы өзгөрүү кирди – Суперлига 29-февралда старт алат. Калган пландар Азия чемпиондугунун мөөнөтүнө көз каранды болот", - деп билдирген башкы машыктыруучу.

Маалыматка ылайык, быйыл Ашхабадда 26-февралдан 8-мартка чейин өтүүчү Футзал боюнча Азия чемпиондугу коронавируска байланыштуу башка убакка жылдырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: