super.kg logo

Канатбек Азиз: "Азаттык" соттук кароону башка мекемеге өткөрүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бул ишти созуу"

 

Эртең, 11-февралда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун "Азаттык", "Клооп" жана "24.kg" басылмаларынын үстүнөн жазган арызы боюнча сот отуруму уланмак. Бирок бул отурум эртең болбой турганын SUPER.KG порталы жактоочу Канатбек Азизге байлканышканда кабарлады.

Анын айтымында, "Азаттыктын" өкүлү бул ишти кароону Свердлов райондук сотунан башка райондук сотко өткөрүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Буга чейин сот отурум 29-январда Свердлов райондук сотунда өтүп, "Азаттык" менен "Клооп" маалымат каражаттарынын соттогу өкүлдөрү бул ишти карап жаткан судьяга ишенбей тургандыктарын айтып, аны Ленин райондук сотуна өткөрүү өтүнүчүн айтышкан. Бирок судья соттук кароону башка районго өткөрүүгө негиз жок экенин түшүндүрүп өтүнүчтү четке каккан болчу.

"Булар ишти созуп жатышат", - деп нааразы болду жактоочу. Ал сот отуруму эми качан уланары азырынча белгисиз экенин белгиледи.

Буга чейин "24.kg" басылмасы жазган материалынын темасына далил жок экенин билдирген.

Окуянын чоо-жайы:

Матраимовдор "Азаттык", "Клооп", "24.kg" сайттарына карата арыз жазып, 60 миллион сом доону талап кылган. Жогорудагы сайттарга карата доо арыз менен сотко кайрылууга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Жалпыга маалымдоо каражаттарына түшкөн даттанууларды териштирүү боюнча комиссияга кайрылган. Анда депутат "Азаттыкка" карата жазган арызы боюнча чечим чыгарууну сураган, бирок комиссия кайрылууну кароодон баш тартуу бүтүмүн кабыл алышкан.

Өткөн жылдын 6-декабрында УКМКда сурак берип чыккан Райымбек Матраимов "Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаитини тааныбай турганын, 700 миллион долларга эмес, 7 тыйынына дагы тиешеси жоктугун айткан. Кийин жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде Райымбек Матраимов "Мен түшүнбөйм. Эми журналисттер эмнеден коркот? “Сотко далилдей албай калабыз” деп коркобу? Чыгарган маалыматтарынын чындыгына (жетиштүү фактылар менен далилдешсе...) көздөрү жетсе, анда сот алдында эми далилдеп беришсин" деген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.02.2020. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанагы бакылдаган Али деген сотко келип айткан сөздөрүн далилдебейби ар кайсы мамлекетке качып кетпей саткын
10.02.2020. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Созуп жүрө бергиле.
10.02.2020. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АШАнын заказын аткарылбай ит болду Азаттык
10.02.2020. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаттык эгер чындап далили болсо Матраимовдор өздөрү сотко кайрылганда далилдеп туруп эрдик кылса болмок. Ушул жерден журналисттер заказ аткарганы билинип калды окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: