super.kg logo

Кыргыз муфтийи Максат Токтомушев Ысык-Атага келген дунган элинен кабар алды

 

Бүгүн, 10-февралда Кыргыз муфтийи Максатбек Токтомушев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылынын борбордук мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жолугушууга Ысык-Ата районунун имамы Бактыбек Убабеков, Ысык-Ата районунун акими Байыш Курманов баштаган бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Жолугушуу учурунда муфтий Казакстандын Кордай аймагынан убактылуу баш паанек алуу үчүн Чүйгө, анын ичинен Ысык-Ата аймагына келген дунган элинин ал-абалы менен таанышып, аларды сабырдуулукка, улут аралык ынтымакка жана биримдикке чакырды. Андан ары Максатбек Токтомушев Кең-Булуң айылында жайгашкан гуманитардык жардам уюштурулган жайга барып, убактылуу күн кечирип жаткан кордайлыктардын абалы менен таанышты. Гуманитардык жардам берүүчү жайда негизинен элге зарыл болгон тамак-аш азыктары, жылуу кийим-кече бар", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 7-февралда кечинде Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сортөбе айылдарында жергиликтүү тургундар арасында чыр-чатак чыгып, бир катар турак үйлөр талкаланып, 11 адам каза болуп, 40тан ашуун киши жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(4)
10.02.2020. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мусулман бир туугандар жашоодо сабырдуу бололу баарыбыздын барар жерибиз 2 метр жер
10.02.2020. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
chake,
Мусулмандар деле бири бири менен кырыплып жатышат. Жер талашып, чек ара талашып. Оз кызыкчылыгына келгенде эч ким дининди да ойлойбойт. Муфтият андан коро диний сокур фанатизм менен курошсун. Азыр сокур диний фанатизмдин кереги жок.
Kairat1996 түзөттү 2020-02-10 22:09:56
11.02.2020. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kairat1996,куйушканга кыпчылбачы
11.02.2020. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башка жактыктарды алып келе бербей, өз элинерди карасаңар болмок.Эми дагы буларга жер беришибиз керек, турак жай салып беришибиз керек деп чыгасынарда.Баягыда да ошентип алып келдиңер, алар кайрадан нааразы болуп кетип калышты.
Андан көрө өз элинердин көйгөйүн чечип койгулачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: