Москва метросунда коронавируска кабылган адамды туурап пранк уюштурган блогер камалды

Москвада метродо коронавируска байланыштуу пранк уюштурган тажикстандык блогер бир айга камакка алынды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Акыркы кезде дүйнөнү каптаган коронавирус оорусун тамаша кылгандар көбөйүүдө. Алардын бири тажик блогери Кароматулло Жаборов. Анын Москвадагы метролордун биринде коронавируска кабылып, кулап калган адамды туураган видеосу коомчулукка тарап, катуу сынга алынган. Видеодо блогер жыгылып, калтырап калганда жанында турган жигиттин "Коронавирус жүрөт! Батыраак чыгып кеткиле!" деп кыйкырганын угууга болот. Албетте, учурда эл чочулап турганда мындай көрүнүш коркунуч жаратпай койбойт. Жыйынтыгында элди жосунсуз тамашага салган блогер кармалып, бир айга СИЗОго камакка алынган.
Москва метросунда коронавируска кабылган адам болуп тамашага салган блогер
Коронавируска кабылган адамды туурап, пранк уюштурган блогер кармалды
Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:54
2025-06-23
Рейтинг:
0

аттин кысчу жерин кысыпле журбоптур менттерге ушундайлар керекта тажиктер...
жаль айрылдыго чиркин эми ..
Биздин депутаттар да ушинтип көөп нерселерди көрчү эмес эле