Бүгүн Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтөт
Бүгүн, 11-февралда Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Буга чейин депутаттык комиссиянын жыйыны 31-январда өткөн. Отурумга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана "Азаттык" үналгысынын жетекчилери чакырылып, депутаттардын суроолоруна жооп берген.
21-ноябрда Саймаити боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамына КСДПдан Өмүрбек Бакиров, Аалы Карашев, Сайдолимжон Жураев, "Республика-Ата Журт" фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Закир Шарапов, Талант Мамытов, "Кыргызстан" фракциясынан Данияр Төлөнөв, Алмазбек Эргешев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Тынчтыкбек Шайназаров кирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
9:35
2025-11-18
8:59
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















