super.kg logo

"Акыркы үч жылда кант кызылчасын, жүгөрүнү, картошканы өндүрүү көлөмү өсүп жатат" дейт айыл чарба министри

 

Кечээ, 10-февралда Жогорку Кеңештин комитетинде 2020-жылдын жазгы талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү боюнча өкмөттүн маалыматы угулду.

Баяндаманы айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев жасады. Ал билдиргендей, өлкө аймагында 600 мамлекеттик жана менчик айыл чарба ишканалары жана 3 миңден ашуун фермерлер бар. "Ошондон улам айыл чарба өнүмдөрүнүн 97 пайызы жеке чарбаларга таандык. Акыркы үч жылда кант кызылчасын, жүгөрүнү, картошканы өндүрүү көлөмү өсүп жатканы айдоо жерлерди пайдалануу мурдагыга караганда жакшырып баратканы байкалды. Айрыкча Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында өсүш бар. Ошентип өткөн жылы 220 миллиард сомдук айыл чарба өнүмдөрү өндүрүлдү, анын ичинде 104 миллиард сому мал чарба тармагына таандык", - деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: