super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаарында чакан эс алуучу жайлар курулууда

 
Улуу акын Калык Акиевдин эстелиги
Калык Акиевдин эстелигин кызыгуу менен карап жаткан шаар тургундары.
Бул жерге гүлдөр отургузуларын мэрия билдирди.
Таштандылар үчүн орнотулган үкөкчө.
Эс алуу үчүн атайын орундуктар бар.
Чүй-Калык Акиев көчөсүнүн кесилишинде эми кечкисин жарык болот.
Эс алуучулар
Айни-Манас көчөсүндөгү эс алуучу жай.
Айни-Манас көчөлөрүнүн кесилишине да жаңы орундуктар орнотулуп, чакан эс алуучу жай курулду.
"Байчечекей" дүкөнүнүн айланасына орундуктар коюлуп, элдер эс алышууда.
Бул жерге дагы таштанды ыргытуучу үкөктөр орнотулган.
Эс алуу жайына орнотулган көчө жарыктары.
Ыңгайлуулук түзүлүп, шаар тургундары сейилдеп жүрүшөт.
Ыңгайлуулук түзүлүп, шаар тургундары сейилдеп жүрүшөт.

Бишкек шаардык мэриясы борбордо чакан эс алуучу жайлар курулуп жаткандыгын билдирди. Алардын бири Чүй проспекти менен Калык Акиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан Калык Акиевдин эстелигинин айланасы. Эстеликтин тегерегине 5 орундук, 4 тышкы жарык берүү каражаты коюлуп, эс алууну каалагандарга ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Жакын арада бул жер жашылдандырылат.  

   

Ал эми Айни-Манас көчөлөрүнүн кесилишинде да эс алуу чакан аймагы уюштурулду. Аталган көчөдө жайгашкан “Байчечекей” соода комплексинин айланасы тазаланып, ирээтке келтирилди. Ал жерге 11 жаңы орундук, 4 жаңы тышкы жарык берүү каражаты, 9 жаңы таштанды үкөкчөлөрү орнотулган. “Жакынкы убакта чакан эс алуу аймагы жашылдандырылып, көрктөндүрүлөт. Соода борборунун айланасына гүлдөр үчүн идиштер орнотулуп, ага гүлдөр отургузулат жана көчө жарыктары орнотулат”,- деп билдиришти мэриядан. 

   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: